Литванын президенти Түркиянын Россия - Украина согушундагы ролуна токтолду

Литванын президенти Гитанас Науседа Түркиянын Россия - Украина согушунда «аскердик жана гуманитардык маселелерде маанилүү роль ойногондугун» айтты.

1902490
Литванын президенти Түркиянын Россия  -  Украина согушундагы ролуна токтолду

 Литванын президенти Гитанас Науседа Түркиянын Россия - Украина согушунда «аскердик жана гуманитардык маселелерде маанилүү роль ойногондугун» айтты.

Литва басма сөзүндө орун алган кабарга караганда Науседа өлкөсүнө барган Финляндиянын президенти Саули Ниинисто менен борбор шаар Вильнюста биргелешкен маалымат жыйын өткөрдү.

Науседе Түркиянын Россия- Украина согушундагы мамилесине байланыштуу : «Аскердик жактан, гуманитардык жактан маселелердин талкууланышында керек болсо Россиянын Украинадагы агрессиясынын токтотулушунда Түркиянын маанилүү роль ойногондугунан эч ким шектенбесин»,- деди.

Түркиянын ийгиликтүү дипломатиялык иштерине токтолгон Науседа Түркиянын Украинанын дан жана дан азыктарынын дүйнөгө экспортун жеңилдеткен Бириккен Кара деңиз дан демилгеси келишимине кошкон салымдарына басым жасады.

Науседа Швеция менен Финляндиянын НАТОго мүчөлүгү тууралуу: «Эки гана өлкө калды. Менин оюмча бекитүү көпкө созулбашы керек»,- деди.

Финляндиянын президенти Ниинисто да өлкөсү НАТОго мүчө болгондон кийин Финляндиянын жерине өзөктүк курал жайгаштырылышы мүмкүн эмес экенин, мүчө болгондон кийин бул маселени карап чыга тургандарын белгиледи.

Түркиянын Швециянын НАТОго мүчөлүгүнөн көбүрөөк тынчсызданганын белгилеген Ниинисто Түркиянын Финляндиянын мүчөлүгүн бекитүүсүнө оптимисттик көз карашта экенине да көңүл бурду.



Тектеш кабарлар