Эрдоган-Путин сүйлөшүүсү
Сүйлөшүүдө 24-февралда башталган Орусия-Украина согушундагы акыркы абалдар менен аймактык маселелер каралды.
Президент Режеп Таййип Эрдоган Орусиянын президенти Владимир Путин менен телефон аркылуу сүйлөштү.
Президенттиктин Коммуникация башкармалыгынан берилген маалыматка караганда, сүйлөшүүдө 24-февралда башталган Орусия-Украина согушундагы акыркы абалдар менен аймактык маселелер каралды.
Президент Эрдоган сүйлөшүүдө, Кара деңизден дан ташуу боюнча 22-июлда кол коюлган Стамбул келишиминин ишке ашырылышына байланыштуу көйгөйлөрдүн чечилиши үчүн бардык тараптар менен керектүү демилгелерди улантып жаткандарын билдирди.
Башка көптөгөн темада болгондой эле бул темада да чечимге багытталган кызматташтыкты түзө тургандарына ишенгендерин айткан президент Эрдоган, дан кризисин конструктивдүү мамиле менен чечишсе, сүйлөшүүлөргө кайтуу жолунда таштала турган кадамдарды да шыктандыра тургандарын кабарлады.
Эрдоган, Валдай талкуу клубунун жыйынындагы кайрылуусунда Түркия жана өзү тууралуу чын жүрөктөн айткан сөздөрү үчүн Орусиянын президенти Путинге ыраазычылык билдирди.
Орусия 29-октябрда Кара деңиз дан келишимин токтотконун жарыялаган.
Тектеш кабарлар
Жевдет Йылмаз эртең Өзбекстанга барат
Жевдет Йылмаз эки күндүк сапарында Өзбекстандын президенти Шевкет Мирзиёев менен жолугушат.
Террорго каршы күрөш уланууда
Улуттук коргоо министрлиги социалдык медиа баракчасынан билдирүү жасады.