Акар менен Шойгу телефон аркылуу сүйлөшүү өткөрдү

Сүйлөшүүдө дан коридорунун улантылышынын мааниси баса белгиленди.

1900140
Акар менен Шойгу телефон аркылуу сүйлөшүү өткөрдү

Улуттук коргоо министри Хулуси Акар Украинанын министрлери менен телефон аркылуу сүйлөшүүсүндө Кара деңиз дан коридорунун сакталышынын маанисине басым жасады.

Улуттук коргоо министрлигинен берилген маалыматка караганда Акар Украинанын коргоо министри Алексей Резников жана Украинанын инфраструктура министри Александр Кубраков менен өз-өзүнчө телефон аркылуу сүйлөштү.

Министр Акар дан өткөрүүгө байланыштуу акыркы абал каралган сүйлөшүүдө ушул күнгө чейин 10 миллион тоннага жакын дандын муктаж болгон өлкөлөргө өткөрүлүп, глобалдык дан кризисин чечүүгө чоң салым кошкон жана маселелердин кызматташтык жана диалог менен чечиле аларын көрсөткөн дан демилгесинин улантылышынын чоң мааниге ээ экендигин белгиледи. 

Кара деңиз коридорунун кургак жолго караганда эгин ташуу үчүн бир топ ылдам жана ыңгайлуу экенин баса белгилеген Акар : «Толугу менен гуманитардык иш болгон дан өткөрүү  демилгесин, кагылышуу шарттарынан өзүнчө каралуусу керектигин, башта урматтуу президент Режеп Таййип Эрдоган Түркиянын аймакта тынчтыктын түзүлүшү жана гуманитрадык жардам тууралуу ушул күнгө чейин болгондой эле мындан кийин да өзүнө түшкөн милдетти  аткарууну улантат",- деди. 

Хулуси Акар Россиянын коргоо министри Сергей Шойгу менен да телефон аркылуу сүйлөшүп, дан коридорунун сакталышынын маанилүүлүгүн баса белгилеп, дан өткөрүү демилгесин токтотуу чечиминин кайра каралышы күтүлүп жатканын айтты.

 

 

 



Тектеш кабарлар