Түркия дан коридору боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө

Акардын жетекчилигинде Башкы штабдын төрагасы армия генералы Яшар Гүлер жана күчтөрдүн командирлеринин катышуусунда видеоконференция жыйыны өткөрүлдү.

1900022
Түркия дан коридору боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө

Улуттук коргоо министри Хулуси Акар, Кара деңиздеги дан коридорунун уланышын камсыз кылуу үчүн аракет кыла тургандарын айтты.

Акардын жетекчилигинде Башкы штабдын төрагасы армия генералы Яшар Гүлер жана күчтөрдүн командирлеринин катышуусунда видеоконференция жыйыны өткөрүлдү.

Орусиянын 29-октябрда Севастополдогу кол салуулардан улам дан келишимин убактылуу токтоткондугу тууралуу билдирүүсүнөн кийинки абалга баа берген Хулуси Акар: «Мындай учурда кемелердин жөнөшү кечеңдеп, порттордогу тыгын күчөйт. Муктаждар ансыз деле шашылыш түрдө дан эгиндерин күтүп жатышкан. Бул абалда маселе да көбөйөт»,-деп айтты.

Бул маселенин чечилишинин маанисин жана президент Режеп Таййип Эрдогандын ушул темадагы сүйлөшүүлөрүн баса белгилеген Акар: «Украиналык жетекчилер менен да сүйлөшүп жатабыз, кечинде Орусиянын коргоо министри (Сергей) Шойгу менен да сүйлөшөбүз. Адаттагыдай эле биз тынчтыкка, макулдашууга жана иштердин нормалдуу жүрүшүнө карай аракетибизди улантабыз»,-деди.

Түзүлгөн дан коридорунун алкагында Украина портторунан 409 кеме менен 9,3 миллион тонна эгин ташылганын маалымдаган Акар: «Бул мындан ары да улантылышы керек. Бул демилгени токтотуу Орусияга да, Украинага да, башкага да пайда алып келбейт. Биз Украинанын коргоо министри жана Орусиянын коргоо министри менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабыз. Алар менен сүйлөшүп, бул демилгенин уланышын камсыз кылууга аракет кылабыз. Бул демилгенин токтотулушу бүткүл адамзатка таасирин тийгизет. Тараптарга өз чечимдерин кайра карап чыгууну эске салабыз. Түркия катары ок атышууну токтотуу боюнча да, дан демилгеси боюнча да колубуздан келгендин баарын жасадык жана бул үчүн аракет кылып жатабыз»,-деди.



Тектеш кабарлар