Эрдоган - III Чарльздын телефон аркылуу сүйлөшүүсү

Эрдоган сүйлөшүүдө Ханыша II Элизабеттин өлүмүнө байланыштуу көңүл айтты.

1897632
Эрдоган  -  III Чарльздын телефон аркылуу сүйлөшүүсү

Президент Режеп Таййип Эрдоган Британиянын Королу III Чарльз менен телефон аркылуу сүйлөштү. 

Президенттиктин коммуникация башкармалыгынан берилген маалыматка караганда сүйлөшүүдө Түркия  - Бириккен Королдук карым  - катнаштары каралды. 

Эрдоган сүйлөшүүдө Ханыша II Элизабеттин өлүмүнө байланыштуу көңүл айтты. 

Президент Эрдоган эки өлкөнүн  ортосундагы стратегиялвк өнөктөштүккө жана союздаштыкка таянган карым  - катнаштардын жана көптөгөн тармакка жайылган күчтүү кызматташуунун жаңы мезгилде да өнүгөрүнө ишенгендигин айтты. 

 



Тектеш кабарлар