Түркияга келген Финляндия делегациясы менен сүйлөшүүлөр башталды

Жыйында Түркиянын Адилет министрлигинин делегациясын тышкы байланыштар жана Европа Биримдиги боюнча башкы директор Касым Чичек жетектөөдө.

1897297
Түркияга келген Финляндия делегациясы менен сүйлөшүүлөр башталды

Түркияга келген Финляндия делегациясынын, Адилет министрлигинин жетекчилери менен сүйлөшүүлөрү башталды.

Швеция менен НАТОго мүчөлүккө кайрылган жана 28-июнда НАТО саммити өткөрүлгөн Испаниянын борбор шаары Мадридде террордук уюмдарга каршы Түркия менен кызматташууга милдеттенип үч тараптуу меморандумга кол койгон Финляндия, борбор шаар Анкарага делегация жөнөттү.

Финляндиянын Адилет министрлигинин кызматкерлери менен Түркиянын Адилет министрлигинин жетекчилеринин жолугушуусу бүгүн эртең менен башталды.

Жыйында Түркиянын Адилет министрлигинин делегациясын тышкы байланыштар жана Европа Биримдиги боюнча башкы директор Касым Чичек жетектөөдө.



Тектеш кабарлар