Террор менен күрөшүү уланып жатат

Улуттук коргоо министрлигинин террор менен күрөшүү боюнча билдирүүсү жарыяланды. Бир тараптан Эдирнеде Грецияга качууга аракет кылган ПККнын шектүүсү кармалды.

1896386
Террор менен күрөшүү уланып жатат

Ирактын түндүгүндө жикчил террордук уюм ПККга мүчө 3 террорист жок кылынды.

Улуттук коргоо министрлигинин билдирүүсүндө, «Түрк куралдуу күчтөрүбүз тарабынан Ирактын түндүгүндөгү Чеңгел-Кулпу операциясы аймагында бир үңкүрдө аныкталган 3 ПКК террористи жок кылынды»,- деп айтылды.

Мындан тышкары, министрлик Түрк куралдуу күчтөрүнүн Ирактын түндүгүндө ийгиликтүү уланган «Чеңгел-Кулпу» операциясы менен террордук уюм ПККга чоң сокку урганын билдирди.

Билдирүүдө 2022-жылдын 17-апрелинен бери Ирактын түндүгүндө «Чеңгел-Кулпу» операциясынын алкагында 1043 курал колго түшүрүлгөнү белгиленди.

Бир тараптан Эдирнеде Грецияга качууга аракет кылган ПККнын шектүүсү кармалды.

21-октябрда 1-даражадагы аскердик тыюу салынган аймакта мыйзамсыз жол менен Грецияга качууга аракет кылып жатканда кармалган ПККнын шектүүсүнүн жандармериядагы текшерүүлөрү бүттү.

Эдирне сотуна алып келинген шектүү прокуратурадагы түшүндүрмөсүнөн кийин ал жердеги Тынчтык кылмыш соту тарабынан камакка алынды.



Тектеш кабарлар