Акар менен Шойгу телефон аркылуу сүйлөшүү өткөрдү

Бул тууралуу Улуттук коргоо министрлиги жазуу түрүндөгү маалыматын жарыялады.

1896466
Акар менен Шойгу телефон аркылуу сүйлөшүү өткөрдү

Улуттук коргоо министри Хулуси Акар Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгу менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Министрликтин жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө Акар менен Шойгунун телефондогу сүйлөшүүсүндө эки тараптуу жана аймактык коргонуу жана коопсуздук темаларынын сүйлөшүлгөнү жана төмөнкү маалыматтар бөлүшүлгөнү белгиленди: «Аймактагы коопсуздук абалын начарлатуучу провокацияларга этият жана кылдаттык менен мамиле кылуу, тармакта мындай демилгелер боюнча координация жана кызматташтыкта ​​иш алып баруу боюнча маалымат жана пикир алмашылды».

Сүйлөшүүдө министр Акар президент Режеп Таййып Эрдоган көп жолу белгилегендей Түркиянын аймактагы ок атышпоо, тынчтыкты камсыз кылуу, гуманитардык жардамдар менен ырааттуулукту калыбына келтирүү үчүн өз милдетин аткарууга даяр экенин кайталады.



Тектеш кабарлар