Фахреттин Алтун Катар расмий маалымат агенттигине билдирүү жасады

Алтун Катардын эмири Шейх Темим бин Хамад Аль Санинин  президент Режеп Таййип Эрдогандын чакыруусу менен Түркияга жасай турган сапарынан мурда Катардын мамлекеттик расмий маалымат агенттигине (QNA) маалымат берди.

1892781
Фахреттин Алтун Катар расмий маалымат агенттигине билдирүү жасады

Президенттиктин коммуникация башкармалыгынын төрагасы Фахреттин Алтун азыркы учурда дүйнөнүн бир топ тармакта орчундуу мезгилден өтүп жаткандыгын, аймактык жана эл аралык маселелерди чечүүдө, дос жана боордош Катар менен координациянын маанилүү экендигин белгиледи.

Алтун Катардын эмири Шейх Темим бин Хамад Аль Санинин  президент Режеп Таййип Эрдогандын чакыруусу менен Түркияга жасай турган сапарынан мурда Катардын мамлекеттик расмий маалымат агенттигине (QNA) маалымат берди.

Алтун сапардын Түркия жана Катардын орток көз караштарга ээ болгон, аймактык жана эл аралык кризистер болгон бир мезгилге туш келишинен улам атайын мааниге ээ экендигин баса белгиледи. Алтун бул сапар менен эки өлкөнүн эл аралык жана аймактык маселелерде орток позицияны көрсөтүп, элдердин кызыкчылыгын эске алган укук жана адилеттүүлүк тарапта экендиктерин көрсөткөнүн айтты.

Дүйнөнүн бир топ тармакта орчундуу бир мезгилден өтүп жатканын, аймактык жана эл аралык маселелерди чечүүдө дос жана боордош Катар менен координациянын орчундуу мезгилде болгонун баса белгилеген Алтун : «Өлкөлөрүбүздүн тышкы саясаты  келишпестиктердин чечилишинде ортомчулук, дипломатия жана диалог аракеттери жагынан бирдей принциптерди бөлүшөт. Катардын Афганистанда тынчтык келишимин ишке ашыруу аракеттерин жана Иран атомдук сүйлөшүүлөрүндөгү дипломатиялык аракеттерин колдойбуз. Бир тараптан Түркия да урматтуу президентибиздин лидерлигинде 24 -  февралдан бери болуп келе жаткан Россия  -  Украина согушунун жана бул согуштан улам пайда болгон гуманитардык кризистин акырына чыгышы үчүн башынан бери аракет кылууда. Бул аракеттер глобалдык маселеге айланган дан өткөрүү үчүн Түркиянын коргоосу астында бир коридордун ачылышы жана Россия  - Украина арасында туткун алмашуунун ишке ашышы менен натыйжаланды»,- деди.

Түркия катары ошол эле учурда Азербайжан менен Армениянын ортосунда адилеттүү тынчтыктын түзүлүшү үчүн иштеп жатышкандарын баса белгилеген коммуникация башкармалыгынын төрагасы : «Бул жерде Түркия жана Катардын тышкы саясатында шайкештикке күбө болуп жатабыз»,- деди.

 



Тектеш кабарлар