Чавушоглу Европадагы түрктөрдү дагы көбүрөөк уюмдашууга чакырды

Мевлүт Чавушоглу Европа Кеңешинин Парламенттик Ассамблеясынын (ЕКПА) төрагаларынын жыйынына катышуу үчүн барган Францияда, Түркиянын Страсбургдагы башкы консулдугунда жарандар менен жолугушту.

1890390
Чавушоглу Европадагы түрктөрдү дагы көбүрөөк уюмдашууга чакырды

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу Европадагы түрктөрдүн жарандык алып, шайлоочу катары катталышынын маанилүү экенин айтты.

Мевлүт Чавушоглу Европа Кеңешинин Парламенттик Ассамблеясынын (ЕКПА) төрагаларынын жыйынына катышуу үчүн барган Францияда, Түркиянын Страсбургдагы башкы консулдугунда жарандар менен жолугушту.

Чет өлкөдө жашаган түрктөрдүн дагы көбүрөөк уюшулушу керектигин белгилеген Чавушоглу: «Түркияга сөз келгенде бул биримдикти дагы бир аз көрсөтүшүбүз керек. АКШда түрк-америкалык башкаруу комитетин түздүк. Алар армян диаспорасынын өлкөбүзгө карата жалаа жабууларына каршы абдан эффективдүү иштерди баштады. Европада бул уюмду күчтөндүрүү үчүн колубуздан келгендин баарын жасайбыз. Биз 800 миң адамыбыз жашаган Францияда саясатта эффективдүү боло алабыз.Тилекке каршы бул жерде да армян диаспорасы бар жана бул армян диаспорасынын бир бөлүгү жакшы ниетте эмес. Ошондой эле алар Түркия менен Армениянын, Армения менен Азербайжандын ортосундагы нормалдашууга каршы. Биз жакшы карым-катнаш түзүүгө каршы душмандык мамиледе болгон диаспора жөнүндө сөз кылып жатабыз. Бул диаспорага каршы үнүңүздү дагы да уюшкан түрдө көтөрүшүңүздү күтөбүз»,-деди.

Чавушоглу Европадагы түрк жарандарынын жарандык алуу жана шайлоочу катары катталышынын маанилүүлүгүнө да көңүл бурду.



Тектеш кабарлар