Дибейбе:«Кээ бир өлкөлөрдүн Түркия менен кол коюлган меморандумга каршы чыгышы мени кызыктырбайт»

Бул тууралуу Ливиянын Улуттук биримдик өкмөтүнүн премьер-министри Абдулхамид Дибейбе Триполиде жайгашкан «Февраль» телеканалына билдирүү жасады.

1889096
Дибейбе:«Кээ бир өлкөлөрдүн Түркия менен кол коюлган меморандумга каршы чыгышы мени кызыктырбайт»

Ливиянын Улуттук биримдик өкмөтүнүн премьер-министри Абдулхамид Дибейбе:«Кээ бир өлкөлөрдүн Түркия менен кол коюлган түшүнүшүү меморандумуна каршы чыгышы мени кызыктырбайт»,-деди.

Триполиде жайгашкан «Февраль» телеканалына билдирүү жасаган Абдулхамид Дибейбе Түркия менен кол коюлган келишимдердин туура эмес болбошу үчүн бир жылдык сүйлөшүүдөн кийин кол коюшкандарын, ушул келишимге ылайык Ливиянын аймактык сууларында мунай чалгындоо иштерин баштоодон кайра тартпай тургандарын айтты.

«Кээ бир өлкөлөрдүн Түркия менен кол коюлган түшүнүшүү меморандумуна каршы чыгышы мени кызыктырбайт»,-деп айткан Дибейбе:«Түркия менен кол коюлган деңиз келишимине ылайык, мунай чалгындоо иштери жүргүзүлөт жана биз укуктарыбыздан эч качан баш тартпайбыз. Кол коюлган протокол биздин эбегейсиз мунай байлыгыбызды жана аймактык сууларыбызга тиешелүү инвестицияларды бекемдейт»,-деди.

 



Тектеш кабарлар