Эрдоган метро линиясын ачты
Президент Эрдоган Стамбулда метро линиясынын ачылуу аземинде сөз сүйлөдү.
Президент Режеп Таййип Эрдоган жаңы муундарга үстүнө Түркия кылымын кура турган күчтүү Түркияны калтыра тургандарын айтты.
Президент Эрдоган Стамбулда метро линиясынын ачылуу аземинде сөз сүйлөдү.
Стамбулга алып келинген рельс системасы менен аралыктардын кыскара турганын баса белгилеген Эрдоган : «Жол цивилизация, рельстүү система цивилизация. Бул цивилизацияга менин жарандарым ылайыктуу»,- деди.
«Биз жаңы муундар үчүн Түркиянын кылымын кура турган күчтүү Түркияны калтырып жатабыз», - деген Эрдоган : «Манифестибиздин аты Түркия кылымы. Биз эми ушул үчүн иштеп жатабыз»,- деди. Сөзүндө террор менен жүргүзүлгөн ийгиликтүү күрөшкө токтолгон президент : «Террорду жер менен жексен кылдык»,- деди.
Тектеш кабарлар
Жевдет Йылмаз эртең Өзбекстанга барат
Жевдет Йылмаз эки күндүк сапарында Өзбекстандын президенти Шевкет Мирзиёев менен жолугушат.