Эрдоган Экономикалык трансформация жана жаңы парадигмалар саммитине катышты

Эрдоган : "Эпидемия менен башталып Россия  - Украина согушу менен кеңейген глобалдык экономикалык кризиске каршы туруктуулугубуз менен биз туура жолдо экенибизди далилдедик",-  деди.

1886855
Эрдоган Экономикалык трансформация жана жаңы парадигмалар саммитине катышты

Президент Режеп Таййип Эрдоган : "Эпидемия менен башталып Россия  - Украина согушу менен кеңейген глобалдык экономикалык кризиске каршы туруктуулугубуз менен биз туура жолдо экенибизди далилдедик",-  деди.

Эрдоган Стамбулда  Долмабахче кеңсесинде Экономикалык трансформация жана жаңы парадигмалар саммитине катышты. Эрдоган бул жерде сүйлөгөн сөзүндө буларды айтты : "Эпидемия менен башталып согуш менен кеңейген глобалдык экономикалык кризиске каршы туруктуулугубуз менен биз туура жолдо экенибизди далилдедик. Албетте бул процессте алган жаракаттар да бар. Валюта курсу операциялары жол ачкан кыйынчылыктарды, альтернатив ыкмалар менен чечтик".

Эрдоган : "Жумуш менен камсыз кылууну тарыхыбыздын эң жогорку деңгээлине чыгарып, инфляция жол ачкан жыргалчылык жоготууларды толуктай турган түрдүү чараларды да көрүүдөбүз",- деди. 

 

 



Тектеш кабарлар