Эрдоган менен Зеленский сүйлөшүү өткөрдү

Сүйлөшүүдө 24-февралдан бери уланып жаткан Орусия-Украина согушуна байланыштуу абалдар талкууланды.

1885803
Эрдоган менен Зеленский сүйлөшүү өткөрдү

Президент Режеп Таййип Эрдоган Украинанын президенти Владимир Зеленский менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Коммуникация башкармалыгынан берилген маалыматка караганда, сүйлөшүүдө 24-февралдан бери уланып жаткан Орусия-Украина согушуна байланыштуу абалдар талкууланды.

Президент Эрдоган сүйлөшүүдө Орусия менен Украинанын ортосунда көптөн бери иштеп келе жатышкан туткун алмашуу процессинин ийгиликтүү аяктаганына абдан кубанганын айтты.

Украин данынын Кара деңиз аркылуу экспорттолушуна багытталган келишим боюнча сүйлөшүүлөрдүн жүрүп жатканын белгилеген Эрдоган, ушундай эле мамиленин "Запорожье" атомдук станциясынын алкагында да жасалышы мүмкүн экенин, станциянын айланасында демилитаризацияланган зонаны түзүү үчүн зарыл болгон ортомчулук жана көмөктөшүү сунушунун көтөрүлгөнүн билдирди.

Украинанын орус көзөмөлүндөгү кээ бир аймактарында бир жактуу референдум өткөрүлүшүнүн дипломатиялык процессти жандантуу аракеттерин татаалдаштырарын белгилеген президент Эрдоган, согуштун тынчтык сүйлөшүүлөрү менен чечилишине керектүү салымды кошууга даяр экендиктерин айтты.



Тектеш кабарлар