Акар: «Мерсиндеги кол салууну жикчил террордук уюм ПКК/ЙПГ Сирияда уюштурган»

Хулуси Акар Ардагерлер күнүнө карата борбор шаар Анкарада Улуттук коргоо министрлигинде өткөрүлгөн иш-чарага катышты.

1885706
Акар: «Мерсиндеги  кол салууну жикчил террордук уюм ПКК/ЙПГ Сирияда уюштурган»

Улуттук коргоо министри Хулуси Акар Мерсинде 1 полиция шейит болуп, 2 киши жараланган полиция үйүнө болгон террордук кол салууну жикчил террордук уюм ПКК/ЙПГ Сирияда уюштурганын билдирди.

Хулуси Акар Ардагерлер күнүнө карата борбор шаар Анкарада Улуттук коргоо министрлигинде өткөрүлгөн иш-чарага катышты.

Акар аземде сүйлөгөн сөзүндө Мерсиндин Мезитли районундагы полиция имаратына карай болгон террордук кол салууга байланыштуу: «Ирак менен Сириянын түндүгүндө Мехметчикке каршы тура албаган чыккынчы террористтер жана шылуундар Сирияда бул кол салууларды уюштурганы тууралуу маалыматыбыз бар. Убактысы жана жери келгенде бул кол салууларды кылгандардын инфраструктурасы жана жайгашкан жерлерине сөзсүз түрдө чара көрүлөт. Мындан эч ким күмөн санабашы керек»,-деп айтты.

Түркиянын өз аймагында жана дүйнөдө таасирдүү жана активдүү саясаттарды ортого салганын белгилеген Акар, акыркы мезгилде күчөгөн грек провокацияларына да токтолду.

Грециянын 1923-жылкы Лозанна жана 1947-жылкы Париж тынчтык келишимдеринен баш тартып, аскердик эмес аралдарга курал-жарак үйүп жатканына көңүл бурган Министр Акар:«Жасалма союздарды түзүп, өз жерлерин сунуштоо менен, андан кийин башкалардын артына туруп алып бизди коркутууга аракет кылган, түрк азчылыгын укуктарынан ажыраткан, түрк бар экенин көрмөксөнгө салган, ассимиляция саясаты жана кысымы менен аларды коркутууга аракет кылган, билип туруп тукум курут кылган, террордук уюмдар менен кызматташкан жана аларга ар кандай колдоо көрсөткөн, качкындарды аёосуз артка түрткөн, кайыктарын чөктүрүп, Эгей деңизинин муздак жана караңгы сууларында ымыркайларды өлтүргөндөрдүн, андан кийин адам укуктары жөнүндө текеберлик менен сүйлөгөндөрдүн чыныгы жүзүн жана ниетин акылы жана абийири бар адам түшүнөт»,-деди.

Улуттук коргоо министри: «Грециянын ар кандай адилетсиз жана мыйзамга каршы мамилеси жана кыймыл-аракеттерине талаада жана үстөл үстүндө өз ара мамиленин алкагында керектүү жоопту бердик жана муну келечекте да жасай турганыбызды билиши керек»,- деп айтты.

 



Тектеш кабарлар