Чавушоглу Синдзо Абэнин жаназа зыйнатына катышты

Министр Чавушоглу Токиого сапарын улантууда.

1885279
Чавушоглу Синдзо Абэнин жаназа зыйнатына катышты

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу борбор шаар Токиодо Япониянын мурдагы премьер-министри Синдзо Абэнин жаназа зыйнатына катышты.

Токиого сапарын уланткан министр Чавушоглу Синдзо Абэнин расмий таажиясына катышты.

Акыркы сапарга узатуу зыйнатына байланыштуу Твиттерден бөлүшкөн Чавушоглу: "Биз Япониянын мурдагы премьер-министри Синдзо Абэнин жаназа зыйнатына өлкөбүздүн атынан катышып, дос япон элине көңүл айттык",-деди.

Синдзо Абэ 8-июлда Нара шаарында шайлоо өнөктүгүнүн алкагында сөз сүйлөп жатканда куралдуу кол салуудан каза болгон.



Тектеш кабарлар