Чавушоглу Японияда

Министр Чавушоглу Токиодо журналисттердин күн тартибине байланыштуу суроолоруна жооп берди.

1884645
Чавушоглу Японияда

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу, алдыдагы күндөрдө Япония менен коргоо өнөр жайы жана коопсуздук боюнча кеңешме өткөрө тургандарын айтып: «Эгерде Япония куралдуу учкучсуз учуучу аппарат (SİHA) же берки коргоо өнөр жай продукцияларын сатып алууну кааласа, бул тармактагы муктаждыктарын кубануу менен канааттандырабыз»,-деди.

Кол салууга дуушар болуп каза тапкан Япониянын мурдагы премьер-министри Абэ Синдзонун жаназа зыйнатына катышуу үчүн барган Япониянын борбор шаары Токиодо Чавушоглу журналисттердин күн тартибине байланыштуу суроолоруна жооп берди.

Бул сапарда Түркиядан Японияга SİHA берүү темасынын күн тартибине коюлуп-коюлбашына байланыштуу Чавушоглу: «Биз чыгарган куралдуу жана куралсыз учкучсуз учуучу аппараттар дүйнөдө учурда өндүрүлгөн продукциялардын арасында эң мыкты, алтургай эң алдыңкылардын арасында. Триполиге, өзгөчө Ливияга басып кирүүгө тоскоол болгон да Түрк куралдуу учкучсуз учуучу аппараттары эле. Япония менен ар бир тармакта болгондой эле коргоо өнөр жайы тармагында да кызматташуубузду өркүндөтүүнү каалайбыз»,-деди.

Чавушоглу алдыбыздагы күндөрдө Япония менен коргоо өнөр жайы жана коопсуздук боюнча кеңешме өткөрө тургандарын белгилеп: «Япония куралдуу учкучсуз учуучу аппараттар (SİHA) же берки коргонуу өнөр жай продукцияларын сатып алууну кааласа, бул тармактагы муктаждыктарын кубануу менен канааттандырабыз. Учурда башка Азия өлкөлөрү да абдан кызыкдар өзгөчө Малайзия жана Индонезия, бул өлкөлөр биздин коргоо өнөр жай продукцияларыбызга чоң кызыгуу көрсөтүп, келишимдерге кол коюлууда»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар