Чавушоглу Абэнин жаназа зыйнатына катышат
Мевлүт Чавушоглу 26-27-сентябрда Японияга барат.
1884168
Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу Япониянын мурдагы премьер-министри Синдзо Абэнин расмий жаназа зыйнатына катышуу үчүн эртең бул өлкөгө барат.
Мевлүт Чавушоглу 2022-жылдын 26-27-сентябрында Синдзо Абэнин расмий жаназа зыйнатына катышуу үчүн Японияга сапар жасайт.
Чавушоглунун сапары учурунда Япониянын тышкы иштер министри Ёсимаса Хаяси менен да жолугушуусу күтүлүүдө.