Чавушоглунун Нью-Йорктогу дипломатиялык сүйлөшүүлөрү

Чавушоглу Америка Кошмо Штаттарынын Нью-Йорк шаарында көп сандаган эки тараптуу жолугушууларды өткөрдү.

1883528
Чавушоглунун Нью-Йорктогу дипломатиялык сүйлөшүүлөрү

Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы ассамблеясынын 77-сессиясынын алкагында дипломатиялык сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу Америка Кошмо Штаттарынын Нью-Йорк шаарында көп сандаган эки тараптуу жолугушууларды өткөрдү.

Австралиянын тышкы иштер министри Пенни Вонг жана Польшанын тышкы иштер министри Збигнев Рау менен өз-өзүнчө жолугушкан Чавушоглу, эстониялык кесиптеши Урмас Реинсалу жана Малайзиянын тышкы иштер министри Сайфиддун Абдуллах менен да кезикти.

Чавушоглунун эки тараптуу жолугушууларды өткөргөн кесиптештеринин арасында Ирландиянын тышкы иштер жана коргоо министри Симон Ковени, Молдованын тышкы иштер министри Нику Попеску, Гвинеянын тышкы иштер, эл аралык кызматташтык, Африка интеграциясы жана чет өлкөдөгү гвинеялыктар министри Моррисанда Куяте да бар.

Швеция жана Иорданиянын тышкы иштер министрлеринин кожоюндугунда, Бириккен Улуттар Уюмунун Жакынкы Чыгыштагы палестиналык качкындарга жардам жана коомдук иштер агенттигинин (UNRWA) жыйынына да катышкан Чавушоглу, Ливандын тышкы иштер министри Абдаллах Бу Хабиб, Эфиопиянын вице-премьер-министри жана тышкы иштер министри Деуме Меконнен, Алжирдин тышкы иштер министри Рамтане Ламамра менен да сүйлөшүү өткөрдү.



Тектеш кабарлар