Президент Режеп Таййип Эрдоган журналисттердин суроолоруна жооп берди

Эрдоган журналисттердин : "АКШнын президенти Жо Байден менен эки тараптуу сүйлөшүү өткөрүүнү каалар белеңиз",- деген суроосуна : "Эмнеге? Ал Байден, мен да Эрдоган",- деп жооп берди.

1882723
Президент Режеп Таййип Эрдоган журналисттердин суроолоруна жооп берди

Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы ассамлеясынын 77 - сессиясы үчүн АКШнын Нью  -  Йорк шаарына барган Президент Режеп Таййип Эрдоган журналисттердин : "АКШнын президенти Жо Байден менен эки тараптуу сүйлөшүү өткөрүүнү каалар белеңиз",- деген суроосуна : "Эмнеге? Ал Байден, мен да Эрдоган",- деп жооп берди. 

Нью - Йоркто жолугушууларын улантып жаткан Президент Эрдоган АКШдан Ф  - 16 учактарынын алынышына байланыштуу да сүйлөшүүлөрдү өткөрүүдө. Эрдоган БУУнун башкы катчысы Антонио Гутерриш менен сүйлөшкөндөн мурда бир журанлисттин Ф  - 16  тууралуу суроолоруна жооп берди. Президент Эрдоган АКШлык сенаторлордон Ф  - 16ларга байланыштуу оң пикир алгандарын белгиледи.

АКШнын президенти Байдендин кабыл алуусуна катыша тургандыгын да айткан Президент Эрдоганга : "АКШнын президенти менен өзүнчө эки тараптуу сүйлөшүү өткөрүүнү каалар белеңиз?",- деген суроо берилди. 

Президент Эрдоган бул суроого : "Эмнеге? Ал Байден, мен да Эрдоган",- деп жооп берди. Эрдогандын бул жообу соцтармакта жактырылды жана бөлүшүлдү.

 

 



Тектеш кабарлар