Эрдоган жубайы Эмине Эрдоган менен Түрк үйүндө ачылган таштанды көргөзмөсүн көрдү
Эрдоган өнөрпозго экологиялык эмгектеринен улам ийгилик каалады.
1882157
Президент Режеп Таййип Эрдоган жана жубайы Эмине Эрдоган АКШнын Нью - Йорк шаарындагы Түрк үйүндө ачылган таштанды көргөзмөсүн кыдырды.
Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы ассамблеясынын 77 - жыйыны үчүн Нью - Йоркко барган президент Эрдоган жана жубайы Эмине Эрдоган Түрк үйүнүн кире беришинде ачылган таштанды көргөзмөсүн бирдикте көрүштү.
Өнөрпоз Дениз Сагдычтан чыгармалар тууралуу маалымат алган Президент Эрдоган батарейка, дары-дармек, пластмасса, текстиль, бөтөлкө капкактары жана электрондук буюмдар сыяктуу ар түрдүү калдыктардан жасалган сүрөттөрдүн таасирдүү экендигин айтты.
Эрдоган өнөрпозго экологиялык эмгектеринен улам ийгилик каалады.