Эрдоган:«Биз дүйнө 5тен чоң экенин жана адилеттүү дүйнө мүмкүн экенин баса белгилей беребиз»

Президент Эрдоган Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Нью-Йорктогу Башкы Ассамблеясынын 77-жыйынында катышуучуларга кайрылуу жасады.

1882387
Эрдоган:«Биз дүйнө 5тен чоң экенин жана адилеттүү дүйнө мүмкүн экенин баса белгилей беребиз»
recep-tayyip-erdogan

Президент Режеп Таййип Эрдоган дүйнө лидерлерине:«Биз жалпы тагдырыбызга таасир этүүчү чакырыктарга каршы бирдиктүү күн тартиби менен иш-аракет кылышыбыз керек болгон мезгилде турабыз»,-деп айтты.

Президент Эрдоган Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Нью-Йорктогу Башкы Ассамблеясынын 77-жыйынында катышуучуларга кайрылуу жасады.
Лидерлерге кайрылып: «Орток тагдырыбызга таасир эткен чакырыктарга каршы орток күн тартиби менен кыймыл кылышыбыз керек болгон мезгилдебиз»,-деген Эрдоган, БУУнун кайра түзүлүшүнүн дагы адилеттүү дүйнө үчүн өтө маанилүү экенин баса белгиледи.

Эрдоган:«Биз дүйнө 5тен чоң экенин жана адилеттүү дүйнө мүмкүн экенин баса белгилей беребиз»,-деди.

Түркиянын террордук уюмдарга каршы зарыл болгонду эч качан токтотпой турганын баса белгилеген Эрдоган:«Терроризмге каршы бардык чараларды көрүүгө кудуреттүү экенибизди дагы бир жолу кайталайм»,-деди.

Ирактагы чөйрөнү пайдаланган террордук уюмдардын Түркияны бутага алган кыймылдарына уруксат бербегенин баса белгилеген президент Эрдоган:«Террор менен күрөшүүдө өнөктөштөрүнөн тилектештик күтүү Түркиянын эң табигый укугу»,-деди.

Грециянын иммигранттарга карата куугунтуктарынын күчөгөнүн белгилеген президент Эрдоган, бул өлкөнүн мыйзамсыз жана ойлонбогон кадамдары менен Эгей деңизин качкындар көрүстөнүнө айландырганын айтты.

Президент, Башкы Ассамблеяга сүрөттөрдү көрсөтүп:«Өткөн аптада 9 айлык ымыркай Асим, 4 жаштагы Абдулвахам жана анын үй-бүлөсү Грециянын жээк күзөтчүлөрүнүн кайыктарын чөктүрүшүнүн натыйжасында каза болушкан»,-деди.

Афина жетекчилигин чыңалуу жана провокация саясатын четке кагууга жана Түркиянын кызматташуу чакырыктарына кулак салууга чакырган Эрдоган, Түндүк Кипр Түрк Республикасынын расмий түрдө таанылышынын зарылдыгына да көңүл бурду.

Жакынкы Чыгышта эки мамлекеттүү чечимди колдогондорун кайталаган Эрдоган, Кудстагы басып алынган аймактарда мыйзамсыз отурукташуулардын токтотулушу, палестиналыктардын жан жана мал-мүлк коопсуздугу камсыздалышы, борбор шаары Чыгыш Кудс болгон көз карандысыз Палестинанын курулушу керектигин белгиледи.

Президент ошондой эле Азербайжан менен Армениянын ортосундагы нормалдашуу процессин колдогондорун белгиледи.

Эрдоган:«Азербайжандын оккупацияланган аймактарынын бошотулушу менен бекем тынчтык үчүн тарыхый терезе ачылды»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар