Эрдоган Нью-Йорктун борбордук сейил багында сейилге чыкты

Эрдоганды Түркиянын Вашингтондогу элчиси Хасан Мурат Мержан жана Түркиянын БУУдагы туруктуу өкүлү, элчи Феридун Синирлиоглу коштоп жүрүштү.

1881316
Эрдоган Нью-Йорктун борбордук сейил багында сейилге чыкты

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) 77-Башкы ассамблеясына катышуу үчүн Америка Кошмо Штаттарына (АКШ) барган президент Режеп Таййип Эрдоган Нью-Йорктун борбордук паркында бир аз сейилдеп чыкты.

Эрдоганды Түркиянын Вашингтондогу элчиси Хасан Мурат Мержан жана Түркиянын БУУдагы туруктуу өкүлү, элчи Феридун Синирлиоглу коштоп жүрүштү.

Президент Эрдоган бүгүн АКШда иш алып барган Түрк бейөкмөт уюмдарынын өкүлдөрүн кабыл алат жана Түрк-америкалык улуттук башкаруу комитети тарабынан уюштурулган кечки тамакка катышат.



Тектеш кабарлар