АКШдан Сириядагы ЙПГ/ПКК үчүн куралдуу машыгуу...

Жергиликтүү булактардан алынган маалыматка караганда АКШнын атайын күчтөрү Түркия-Ирак чек арасына жакын Маликия аймагында 240 ЙПГ/ПКК террористине куралдуу машыгуу өткөрдү.

1877152
АКШдан Сириядагы ЙПГ/ПКК үчүн куралдуу машыгуу...

Сирияда жикчил террордук уюм ЙПГ/ПКК басып алган аймактарда турган Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) күчтөрү, террордук уюмга куралдуу машыгуу колдоосун улантууда.

Жергиликтүү булактардан алынган маалыматка караганда АКШнын атайын күчтөрү Түркия-Ирак чек арасына жакын Маликия аймагында 240 ЙПГ/ПКК террористине куралдуу машыгуу өткөрдү.

Көптөгөн АКШ өндүрүшүнөн чыккан «Брэдли» тибиндеги бронетранспортерлор колдонулган машыгууда ЙПГ/ПКК террористтерине жеңил жана орто алыстыкка атуучу куралдарды колдонуу үйрөтүлдү.

Бир тараптан АКШ тик учактары да кечээ машыгуу аймагында чалгындоо иштерин жүргүздү.

Террордук уюм ДЕАШка каршы түзүлгөн коалицияда орун алган АКШ мындан мурда да Евфраттын чыгышындагы Хасеке жана Дейр эз-Зор аймагындагы ЙПГ/ПКК террористтерине түрдүү куралдуу машыгуулар жана машыгуулар менен колдоо көрсөткөн.

АКШ жана коалиция күчтөрү 2015-жылдан бери миңдеген ЙПГ/ПКК террористтерине куралдуу машыгууларды берди.



Тектеш кабарлар