Грек гезити Түркиянын УУА-КУУАлары жөнүндө жазды

Гезит грек аскерий булактарына таянып берген кабарында, «Өткөндө Эгей деңизинде түрк реактивдери жасаган иштердин бир бөлүгүн эми учкучсуз учуучу аппараттар ​​аткарып жатат»,деген сереп салды.

1875078
Грек гезити Түркиянын УУА-КУУАлары жөнүндө жазды

Грециянын «Катимерини» гезити Түрк учкучсуз учуучу аппараттарынын (УУА) өлкөлөрү үчүн «коркунуч» туудурганын билдирип, «Грецияда жетиштүү электроникалык согуш жабдыктары жок. Бул болсо Эгей деңизинде мүмкүн болгон түрк-грек чатагы убагында тынчсыздандырат»,деген өз баасын берди.

Гезит грек аскерий булактарына таянып берген кабарында, «Өткөндө Эгей деңизинде түрк реактивдери жасаган иштердин бир бөлүгүн эми учкучсуз учуучу аппараттар ​​аткарып жатат»,деген сереп салды.

Президент Режеп Таййип Эрдогандын, «Учурда биз учкучсуз учуучу аппараттарыбыз менен, куралдуу учкучсуз учуучу аппараттарыбыз (КУУА) менен, Акынжыларыбыз менен, азыр Гөкбейлерибиз менен барбыз жана бардык бул куралдар менен бизге душмандык кылгандардын коркунучтуу балээсибиз»,-деп айтканына орун берген кабарда, Байрактар ​​ТБ-2, Акынжы жана Анка-Sтин өзгөчөлүктөрү тааныштырылды.

Кабарда Грециянын да түрк учкучсуз аппараттарына каршы «сактык» долбоорлорун иштеп жатканы айтылып,

«Чыгыш Эгей аралдарына учкучсуз учуучу аппараттарга кийлигишүүнү пайда кылган Израилде жасалган анти-УУА элементтерин жайгаштыруу өтө жашыруун жүргүзүлүүдө. Башка жагынан алганда, АКШдан  MQ-9 үлгүсүндөгү учкучсуз учуучу аппараттарды сатып алуу чечими чыгарылды. Ата мекендик учкучсуз учуучу аппараттар боюнча долбоорлору да күн тартибинде»,деген маалыматтарга орун берилген.

Түрк учкучсуз учуучу аппараттарын өлкөнүн коргонуусу үчүн «коркунуч» катары сыпаттаган кабарда «Грецияда жетиштүү электроникалык согуш жабдыктары жок, Эгей деңизинде мүмкүн болгон түрк-грек жаңжалында бул тынчсыздандырат»,делген.



Тектеш кабарлар