Эрдоган: "Европанын адам укуктары боюнча соту өз чечимдеринде адилеттүү эмес, саясий"

Президент Эрдоган, сот жылынын ачылышынан улам өткөрүлгөн аземде сөз сүйлөдү.

1874755
Эрдоган: "Европанын адам укуктары боюнча соту өз чечимдеринде адилеттүү эмес, саясий"

Президент Режеп Таййип Эрдоган, Европанын адам укуктары боюнча сотунун өз чечимдеринде адилеттүү эмес экенин, тема Түркия болгондо саясий өкүм чыгарганын айтты.

Президент Эрдоган, сот жылынын ачылышынан улам борбор шаар Анкарада өткөрүлгөн аземде сөз сүйлөдү.

Өлкөдө мыйзамдуулукту чыңдоо үчүн реформаларды жасагандарын жана алдыдагы мезгилде да сот системасын жакшыртууну ишке ашыра тургандарын баса белгилеген президент: «Биздин күн тартибибиздин башында юристтердин көйгөйлөрүн чечүү турат. Биз Адвокаттык мыйзамды жаңырталы деп жатабыз»,-деди.

Адилеттикке жетүүнү жеңилдетип, сот процесстерин жөнөкөйлөштүрө тургандарын баса белгилеген Эрдоган, юридикалык камсыздандыруу деп аталган жана ар башка өлкөлөрдө колдонулган «укуктук коргоо камсыздандыруусун» Түркияга да киргизүүнү пландагандарын билдирди. 

Сөзүндө Европанын адам укуктары боюнча сотунун өз чечимдеринде адилеттүүлүктү сактабаганына көңүл бурган Эрдоган: «Европанын адам укуктары боюнча соту өз чечимдеринде адилеттүү эмес, саясий. Түркияга келгенде саясий өкүм чыгарат, бирок Франция менен Германияга келгенде тилекке каршы ал жерде да тескери өкүмдөрдү чыгарат»,-деп айтты.

Түркиянын эми жаңы деңгээлге, жаңы лигага жеткенине басым жасаган президент Эрдоган: «Дүйнөлүк деңгээлде саясий жана экономикалык күч катары өсүп келе жаткан Түркия бар. Түркия азыр дүйнөнүн кайрадан калыптанган саясий жана экономикалык башкаруу түзүмүнүн актёруна айланууда»,-деди.



Тектеш кабарлар