Акар Түркия Республикасынын таасир чөйрөсү жана кызыкчылыктары кеңейгенин белгиледи

Хулуси Акар Стамбулда өткөрүлгөн «Баатырларды эскерүү жана Жеңиш түнү» иш-чараларынын алкагында шейиттердин үй-бүлөлөрү жана ардагерлер менен жолугушту.

1873074
Акар Түркия Республикасынын таасир чөйрөсү жана кызыкчылыктары кеңейгенин белгиледи
akar telefon erdogan.jpg
hulusi akar.jpg

Улуттук коргоо министри Хулуси Акар Түрк куралдуу күчтөрүнүн (ТКК) республика тарыхындагы эң кеңири масштабдуу операцияларды жана машыгууларды чоң ийгилик менен өткөргөнүн жана улантып жатканын айтты.

Хулуси Акар Стамбулда өткөрүлгөн «Баатырларды эскерүү жана Жеңиш түнү» иш-чараларынын алкагында шейиттердин үй-бүлөлөрү жана ардагерлер менен жолугушту.

Август айынын түрк улуту үчүн «жеңиш айы» болгонун белгилеген Акар, түрк армиясынын өлкөнүн жана улуттун укуктарын жана мыйзамдарын коргоодо түрктөрдүн күчүн көрсөткөн чоң жеңиштерге жетишкенин айтты.

Хулуси Акар Түркияга каршы тобокелдиктерге, коркутууларга жана коркунучтарга каршы бардык чараны көрүшкөндөрүн жана мындан ары да жасай тургандарын белгиледи.

Акар президент Режеп Таййип Эрдогандын жетекчилигинде Түркия Республикасынын таасир чөйрөсү жана кызыкчылыктары кеңейгенин белгилеп:«Натыйжада Түрк куралдуу күчтөрүнүн таасир чөйрөсү жана жоопкерчилиги жогорулады. Түрк куралдуу күчтөрү республика тарыхындагы эң комплекстүү операцияларды жана машыгууларды чоң ийгилик менен өткөрдү жана улантууда»,-деп айтты.

Бул арада президент Режеп Таййип Эрдоган да программага телефон аркылуу байланышып, шейиттердин үй-бүлөлөрүнө жана ардагерлерге кайрылды.

Эрдоган: «Сиз «Бир туу, бир эл, бир мекен, бир мамлекет» деп айтып, бул жолдон адашпай келесиз, Жараткан Кудайым колдосун. Биримдигибиз, ынтымагыбыз ар дайым болсун!»- деп чакырык салды.



Тектеш кабарлар