ПКК өлүм жазасына тартуу менен жоюлушун жашырууга аракет кылууда

Ички иштер министрлигинин координациясында Жандармерия башкы командирлиги менен Коопсуздук башкы директорлугу тарабынан жүргүзүлгөн көндүрүү иштеринин натыйжасында 1-январдан бери 74 уюм мүчөсү коопсуздук күчтөрүнө багынып берди.

1872724
ПКК өлүм жазасына тартуу менен жоюлушун жашырууга аракет кылууда

Жикчил террор уюму ПКК/ПЙД-ЙПГнын уюмдан качып, коопсуздук күчтөрүнө багынып берүүнү каалаган 3 террористти өлүм жазасына тартканы аныкталды.

Ички иштер министрлигинин координациясында Жандармерия башкы командирлиги менен Коопсуздук башкы директорлугу тарабынан жүргүзүлгөн көндүрүү иштеринин натыйжасында 1-январдан бери 74 уюм мүчөсү коопсуздук күчтөрүнө багынып берди.

Коопсуздук булактарынан алынган маалыматка караганда, ата мекендик жана улуттук куралдуу учкучсуз учуучу аппараттар (SİHA) менен өлкө ичинде жана тышында жүргүзүлгөн операциялардын натыйжасында жогорку башкаруучу делген көптөгөн мүчөсүн жоготкон террордук уюмда жоюлуу күч алууда.

Жоюлууну жашырууга аракет кылган террордук уюмдун мүчөлөрү жогорку жетекчилик делген адамдардын буйругу менен өлүм жазасына тартууга киришти.

Бул контекстте Сириянын Дерик аймагында ПКК/ПЙД-ЙПГнын курамындагы террористтер Четин Сүер, Седат Сүер жана Фуат Балжактын уюмдан качып, коопсуздук күчтөрүнө багынып берүүнү каалаганы үчүн өлүм жазасына тартылганы белгилүү болду.

Террордук уюмдун өлтүрүлгөн террористтерди бул өлүм жазасын жашыруу үчүн тыңчылык менен айыптаганы аныкталды.



Тектеш кабарлар