Түркийе-Азербайжан-Грузия үч тараптуу министрлер жыйыны...

Министр Караисмаиоглу Грузиянын борбор шаары Тбилисиде Түркийе-Азербайжан-Грузия үч тараптуу министрлер жыйынына катышты.

1871576
Түркийе-Азербайжан-Грузия үч тараптуу министрлер жыйыны...

 

Транспорт жана инфраструктура министри Адил Караисмаиоглу Түркийе, Грузия жана Азербайжандын транспорт мүмкүнчүлүктөрүн дагы да арттыруу үчүн иштерди улантып жатканын билдирди.

Министр Караисмаиоглу Грузиянын борбор шаары Тбилисиде Түркийе-Азербайжан-Грузия үч тараптуу министрлер жыйынына катышты.

Басма сөзгө жабык өткөн жана бир саатка жакын созулган үч тараптуу жолугушуудан кийин Адил Караисмаиоглу Грузия сапарына баа берди.

Түркийе, Грузия жана Азербайжандын дос жана боордош өлкөлөр экенине көңүл бурган Караисмаиоглу, өлкөлөрдүн ортосундагы транспорт коридорлорун дагы да өнүктүрүү үчүн сүйлөшүүлөрдү улантып жатышканын белгиледи.

Адил Караисмаиоглу : «Бул сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында өлкөлөрүбүз жеңишке жетишет жана бул транспорт коридорлору канчалык күчтүү болсо, кызматташтыктарыбыз да социалдык жана экономикалык деңгээлде өнүгөт»,-деди.

Түркийе-Азербайжан-Грузия ортосундагы транспорт тармагындагы кызматташтыкка токтолуп, ортоңку коридордун маанисин баса белгилеген Караисмаиоглу, Баку-Тбилиси-Карс темир жолу (BTK) жана Мармарай линиясы долбоорлорунун Түркийеде ишке ашырылганын эске салды.

Министр Караисмаиоглу : «Эми Кытайдан Лондонго үзгүлтүксүз поезддерибиз иштей баштады, мындан ары бул потенциалды дагы да арттыруу үчүн эмне кылса болоорун талкуулап жатабыз»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар