ПКК террордук уюмунун 2 террористи жок кылынды
Бул тууралуу Улуттук коргоо министрлиги маалымат берди.
Ирактын түндүгүндө ПКК террордук уюмдун 4 террористи жок кылынды. Улуттук коргоо министрлигинин соцтармактан берген маалыматында : "Кай жерде террорист бар болсо бута ошол жер! Түрк куралдуу күчтөрүбүз террористтер менен күрөшүүнү чечкиндүү түрдө улантууда. Ирактын түндүгүндө ийгиликтүү улантылып жаткан "Чеңгел - Кулпу" операциясы жүргүзүлгөн аймакта ПККнын 4 террористи жок кылынды",- деп билдирилди.
Ирактын түндүгүндөгү Хафтанин аймагында ПКК террордук уюмунун 2 террористи жок кылынды.
Улуттук коргоо министрлигинин Твиттер баракчасынан берилген маалыматта : " Чечкиндүүлүк менен жүргүзүлүп жаткан операциянын натыйжасында Ирактын түндүгүндөгү Хафтанин аймагында аныкталган ПККнын 2 террористи түрк куралдуу күчтөрү тарабынан жок кылынды",- деп билдирилди.
Тектеш кабарлар
Жевдет Йылмаз эртең Өзбекстанга барат
Жевдет Йылмаз эки күндүк сапарында Өзбекстандын президенти Шевкет Мирзиёев менен жолугушат.