Эрдоган Малайзиянын падышасы менен жолугушту

Президент Эрдоган Малайзиянын королун расмий азем менен тосуп алды.

1868704
Эрдоган Малайзиянын падышасы менен жолугушту

Президент Режеп Таййип Эрдоган борбор шаар Анкарага келген Малайзиянын падышасы Султан Абдулла Риаятуддин аль-Мустафа Биллах Шах менен жолугушту.

Президент Эрдоган Түркияга расмий сапар жасаган Малайзиянын королу Аль-Мустафа Биллах Шахты расмий азем менен тосуп алды.

Эки жарым саатка созулган бетме-бет жолугушуудан кийин президент Эрдоган Малайзиянын падышасы Султан Абдулланын урматына расмий кечки сый тамак берди.

Андан кийин өткөрүлгөн аземде Эрдоган Малайзиянын падышасы Султан Абдулла Шахка Түркия Республикасынын мамлекеттик орденин берди.

Султан Абдулла Шах да президент Эрдоганга Малайзиянын улуттук жогорку орденин тапшырды.



Тектеш кабарлар