ПКК/ЙПГ Карамышка миномет атты
Кол салууга жооп кайтарылды.
Жикчил террордук уюм ПКК/ЙПГ Газиантептин Каркамыш районуна 4 миномет атты.
Кол салууга жооп кайтарылды.
Евфрат дарыясынын чыгышында террордук уюм басып алган аймактардан атылган 4 миномет огу, Каркамыш районундагы бош аянттарга келип түштү. Коопсуздук күчтөрү аймакты курчоого алып изилдөө баштады.
Газиантеп губернатору Давут Гүл соцтармактан берген маалыматында Каркамыш районуна террордук уюм тарабынан миномет огунун атылгандыгын белгилеп : "Каза болгон же жаракат алгандар жок. Кол салууга жооп кайтарылды",- деди.
Кол салуудан кийин өзүн өзү коргоонун алкагында жазалоочу ок атылды. Атуулардан кийин Газиантептин Каркамыш районунун чыгышындагы Айнулараптын батышындагы айрым террордук уюмдар жайгашкан аймактардан түтүндөр чыга баштады.
Аймактын түрк куралдуу күчтөрү тарабынан атылышы менен айрым террордук буталардан да оттор чыга баштады.
Тектеш кабарлар
Жевдет Йылмаз эртең Өзбекстанга барат
Жевдет Йылмаз эки күндүк сапарында Өзбекстандын президенти Шевкет Мирзиёев менен жолугушат.