«Эрен блокада-32» операциясы башталды

Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен маалымат берилди.

1864980
«Эрен блокада-32» операциясы башталды

«Эрен блокада-32 шейит коопсуздук кызматкери Экрем Аккая» операциясы 520 персоналдын катышуусу менен Битлисте башталды.

Ички иштер министрлиги жикчил террордук уюм ПККны өлкөнүн күн тартибинен чыгаруу жана аймакта баш калкалоочу катары эсептелген террористтерди таасирсиз кылуу максатында Битлисте «Эрен блокада-32 (Битлис-Ван-Азапшар) шейит коопсуздук кызматкери Экрем АККАЯ» операциясын баштады.

Битлис облустук жандармерия командирлиги менен Ван облустук жандармерия командирлиги биргелешип жүргүзгөн операцияга 520 персонал жана Жандармериянын атайын операция күчтөрү (JÖH), Жандармериянын десанттары жана коопсуздук күзөт топторунан турган 51 ыкчам топ катышууда.

Операциянын биринчи күнүндө террористтер колдонгон 4 бункер жана баш калкалоочу жай аныкталды.

Бул жерде колго түшкөн көп өлчөмдөгү азык-түлүк, керектөөчү жана тазалык материалдары жок кылынып, бункер жана баш калкалоочу жайлар жараксыз абалга келди.



Тектеш кабарлар