Алтундан дүйнөлүк медиа жана технология компанияларына "Түркия" каты

Президенттиктин билдирүүсүнө караганда, эл аралык аренада «Түркия» сөзүн жайылтууга багытталган стратегиялык байланыш аракеттери үзгүлтүксүз уланууда.

1864522
Алтундан дүйнөлүк медиа жана технология компанияларына "Түркия" каты

Президенттиктин Коммуникация башкармалыгынын башчысы Фахреттин Алтун дүйнөнүн алдыңкы медиа мекемелеринен жана технология фирмаларынан өлкөнүн атын «Түркия» деп колдонууда аяр мамиле кылуусун суранды.

Президенттиктин билдирүүсүнө караганда, эл аралык аренада «Түркия» сөзүн жайылтууга багытталган стратегиялык байланыш аракеттери үзгүлтүксүз уланууда.

Ушул алкакта Фахреттин Алтун дүйнөнүн алдыңкы медиа мекемелерине жана технологиялык компанияларга кат жолдоду.

Алтун дүйнөнүн 5 башка континентинен 18 башка мамлекетте башкы кеңсеси бар телерадио мекемелеринин жогорку даражалуу жетекчилерине жолдогон катында, ар кандай кабар макалаларында, басылмаларда, бюллетендерде, рубрикаларда жана мазмун чыгарууда «Түркия» сөзүн колдонуунун маанисине басым жасады.

Медиа мекемелеринен тышкары дүйнөнүн алдыңкы 25 технологиялык фирмасынын жогорку даражалуу жетекчилерине жана өлкө өкүлдөрүнө кат жолдогон Алтун, издөө системалары, санариптик оюндар, кеңсе тиркемелери, мобилдик тиркемелер, котормо тиркемелери, этикеткалоо сыяктуу көптөгөн аталыштар менен ар кандай өнүм жана кызматтарда «Түркия» деген сөздүн колдонулушун талап кылды.

Катта Бириккен Улуттар Уюму, OECD (Экономикалык Өнүгүү жана Кызматташтык Уюму), ДСУ (Дүйнөлүк Соода Уюму) сыяктуу эл аралык уюмдардын «Түркияны» колдонууну расмий түрдө кабыл алганын эске салган Алтун, чет элдик технология фирмаларынан жана медиа мекемелеринен да өлкөнүн атын колдонууда бирдей сезимталдыкты көрсөтүүлөрүн өтүндү.

Кат жөнөтүлгөн медиа мекемелеринин арасында National Geographic, Forbes, The Economist, Der Spiegel сыяктуу эл аралык журналдар, Die Welt, Deutsche Welle, Sputnik, Russia Today, Washington Post, The Telegraph, CNN, Al Jazeera, France 24, Guardian, Le Monde, The Times of India, New York Times сыяктуу гезит жана телеканалдар менен Reuters, Associated Press, AFP, Nikkei сыяктуу эл аралык маалымат агенттиктери, технологиялык компаниялардын арасында да Google, Samsung, YouTube, Netflix, TikTok, Yandex, Meta, Tesla, Amazon, Spotify, HBO, Disney+, Sony, Toshiba, Lenovo, Apple, Microsoft, Instagram, Twitter, Huawei жана Apple бар.



Тектеш кабарлар