Түркияга ыраазычылык билдирилүүдө

Норвегия менен Франция Украинанын Одесса портунан эгин жүктөлгөн биринчи соода кемесинин чыгышындагы маанилүү ролу үчүн Бириккен Улуттар Уюмуна  жана Түркияга ыраазычылык билдирди.

1862418
Түркияга ыраазычылык билдирилүүдө

Норвегия менен Франция Украинанын Одесса портунан эгин жүктөлгөн биринчи соода кемесинин чыгышындагы маанилүү ролу үчүн Бириккен Улуттар Уюмуна  жана Түркияга ыраазычылык билдирди.

Норвегиянын Тышкы иштер министрлиги Твиттерден кечээ Украинадан чыккан эгин жүктөлгөн кеменин глобалдык азык-түлүк кооптуулугун азайтуу үчүн маанилүү  кадам болгонун маалымдады.

Билдирүүдө Бириккен Улуттар Уюмуна  жана Түркияга транспорттун жеңилдетилишинде маанилүү роль ойногону үчүн ыраазычылык билдирилди. Стамбулдагы дан келишиминин үзгүлтүксүздүгүнүн маанилүү экендиги белгиленип, Украинанын ишенимдүү өнөктөш экени айтылды.

Франциянын Тышкы иштер министрлигинен берилген маалыматта биринчи дан жүктөлгөн кеменин жолго чыгышынын Украинадан дан жана азык  - түлүктөрдүн коопсуз түрдө экспорттолушуна мүмкүнчүлүк түзө турган келишимдин ишке ашышы үчүн маанилүү бир кадам экендиги билдирилди.

Маалыматта БУУнун көзөмөлү астында түзүлгөн келишимдин убакыттын өтүшү менен улантылышы керектиги белгиленип : "Ушунун негизинде  Франция Бириккен Улуттар Уюмунун жана Түркиянын мобилизациясын кубаттайт»,- деп айтылды.

Польшанын тышкы иштер министри Збигнев Рау телефон аркылуу сүйлөшкөн тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглуна президент Режеп Таййип Эрдогандын көзөмөлүндө Россия, Украина жана БУУнун ортосунда түзүлгөн дан коридору келишими үчүн куттутоосун билдирди. 

Италиянын тышкы иштер министрлигинин расмий Твиттер эсебинен жасалган билдирүүдө : "Италия Одесса портунан биринчи эгин ташууну ишке ашыра турган кеменин чыгышын ыраазычылык менен кабыл алды. Глобалдык азык-түлүк кризисин жеңилдетүү үчүн  бул экспорттун учурдагы милдеттенмелерге ылайык уланышын камсыз кылуу зарыл",- деген сөздөр орун алды. 

Швециянын тышкы иштер министри Энн Линде да Твиттерде эгин жүктөлгөн кеменин дүйнөлүк азык-түлүк кооптуулугун азайтууга жардам берерин билдирди.

Улуттук коргоо министрлиги кечээ эрте менен Одесса портунан дан  жүктөлгөн биринчи кеменин жолго чыккандыгын билдирген. 

 

 

 



Тектеш кабарлар