Түрк аба күчтөрү аба мейкиндигинде НАТОнун учагына май куюп берди

Улуттук коргоо министрлиги маалымат берди.

1862240
Түрк аба күчтөрү аба мейкиндигинде НАТОнун учагына май куюп берди

Түрк аба күчтөрү Румыниянын аба мейкиндигинде НАТОнун учагына май куюп берди.

Улуттук коргоо министрлиги, Аба күчтөрү командирлигине таандык танкер учагы аркылуу Румыниядан НАТОнун E-3A AWACS учагына май куюлганын кабарлады.

Министрликтин билдирүүсүндө: "Биздин Аскер-аба күчтөрүнүн KC-135R танкердик учагы НАТОнун кепилдик чараларынын алкагында Румыниянын аба мейкиндигинде НАТОнун E-3A AWACS учагына май куйду",-деп маалымдалды. 


Этикеткалар: #аба мейкиндигинде

Тектеш кабарлар