Калын АКШнын Өкүлдөр палатасынын мүчөсү Жейсон Кроу жана аны коштогон делегацияны кабыл алды

Эки тараптуу саясий жана экономикалык карым-катнаштар менен бирге терроризм менен күрөшүү, коргонуу өнөр жайындагы кызматташтык жана НАТО алкагындагы стратегиялык карым-катнаштар талкууланганды.

1862833
Калын АКШнын Өкүлдөр палатасынын мүчөсү Жейсон Кроу жана аны коштогон делегацияны кабыл алды

Президенттиктин басма сөз катчысы Ибрахим Калын Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) Өкүлдөр палатасынын мүчөсү Жейсон Кроу жана аны коштогон делегацияны кабыл алды.

Президенттик комплексте өткөрүлгөн жыйынга АКШнын Анкарадагы элчиси Жеффри Флейк да катышты.

Эки тараптуу саясий жана экономикалык карым-катнаштар менен бирге терроризм менен күрөшүү, коргонуу өнөр жайындагы кызматташтык жана НАТО алкагындагы стратегиялык карым-катнаштар талкууланган жолугушууда глобалдык жана аймактык күн тартибинин негизги маселелери да бааланды.

Жолугушууда Орусия-Украина согушу жана эгин ташуу келишими, Сирия, Ооганстан, качкындар маселеси, Армения менен нормалдашуу процесси, Швеция менен Финляндиянын НАТОго кирүү процесстери, Эгей жана Чыгыш Жер Ортолук деңизи темалары да каралды.

Президенттиктин басма сөз катчысы Калын жолугушууда Түркия-АКШ карым-катнаштарынын стратегиялык маанисине басым жасап, экономика жана коргонуу өнөр жайындагы кызматташтыктын алдындагы тоскоолдуктардын жоюлушу эки тараптуу карым – катнаштарга оң салым кошо турганын айтты.

Калын, Түркиянын F-16 талабына байланыштуу АКШ башкаруусунун мамилесине ыраазы болгонун жана АКШ Конгрессинен дагы ушундай мамилени күткөнүн айтты.

Жолугушууда Түркиянын лидерлигинде Бириккен Улуттар Уюму, Орусия жана Украина менен кол коюлган эгин ташуу келишимине да баа берилди. Келишимдин глобалдык азык-түлүк кризисинин чечилишине карай маанилүү кадам болгонун билдирген АКШ Конгрессинин Өкүлдөр палатасынын мүчөсү Кроу Түркиянын бул процессте маанилүү роль ойногонуна көңүл бурду.

Ибрахим Калын, бул келишимдин Орусия менен Украинанын ортосунда жаңы ок атышпоо сүйлөшүүлөрүнө жол ача турган ишеним чөйрөсүн түзө аларын жана Түркиянын бул багыттагы аракеттеринин улана турганын белгиледи.

Түркиянын Эгей жана Жер Ортолук деңизи менен бирге бүткүл аймакта тынчтык жана ырааттуулукка негизделген мамилесин көрсөтүүнү уланта турганын белгилеген Калын, Түркиянын улуттук кызыкчылыктарын жана мыйзамдуу укуктарын коргоо үчүн чечкиндүү позициясынан тайбасын белгиледи.

Армения менен нормалдашуу процессинин аймактын тынчтыгына, ырааттуулугуна жана гүлдөшүнө салым кошо турганын белгилеген Калын, бул аракеттердин эл аралык коомчулук тарабынан колдоого алынышы керектигин баса белгиледи.

Калын, террор менен күрөшүүдө Түркиянын улуттук коопсуздугун, Сириянын жеринин бүтүндүгүн жана саясий биримдигин коркунучка салган ПЙД/ЙПГ/ПКК жана ДЕАШ менен кошо бардык террордук уюмдар менен эч кандай дискриминациясыз чечкиндүүлүк менен күрөшүү керектигин айтты.



Тектеш кабарлар