БУУ Түркияга ыраазычылык билдирди

Бириккен Улуттар Уюмунун  баш катчысынын гуманитардык иштер боюнча жардамчысы Жойс Мацуя Түркиянын «дүйнөдө эң көп баш калкалоочу  алган өлкө» болушунан улам Түркияга ыраазычылык билдирди.

1861414
БУУ Түркияга ыраазычылык билдирди

Бириккен Улуттар Уюмунун  баш катчысынын гуманитардык иштер боюнча жардамчысы Жойс Мацуя Түркиянын «дүйнөдө эң көп баш калкалоочу  алган өлкө» болушунан улам Түркияга ыраазычылык билдирди. 

БУУнун башкы катчысынын орун басары Фархан Хак БУУнун башкы кеңсесинде өткөрүлгөн пресс  - жыйынында Жойс Мацуянын Газиантеп жана Хатайды камтыган 5 күндүк Түркия сапарын аяктагандыгын, бул убакытта жерлеринен кеткен сириялык аялдардын жана гуманитардык жардам өнөктөштөрү, БУУнун кызматкерлери, чек арадан жардам берген түрк өкмөтүнн жетекчилери менен жолугушкандыгын белгиледи. 

Хак : "Мацуя гуманитардык жардам иштерин колдогондугу үчүн жана 3,7 миллион качкынды кабыл алганы үчүн дүйнөнүн көп сандаган качкынды кабыл алган өлкөсү болгону  үчүн Түркияга ыракмат айтты",- деди. 

"Түндүк  -  Батыш Сирияда 4, 1 миллион адам негизги муктаждыктарын камсыз кылуу үчүн БУУнун жардамына ишенип жатат",- деген катчынын орун басары ар айда Түркия аркылуу азык  - түлүк жана башка жардамдардын Сириядагы 2,4 миллион кишиге жеткендиги тууралуу маалыматты билдирди. 

Фархан Хак Коопсуздук Кеңеши кошумча мөөнөт бербесе Сирияга чек арадан жардамдардын айдын ичинде кыш мзгилинин ортосунда бүтөрүнө көңүлдөрдү бурду. Хак башкы катчынын орун басары Жойс Мацуянын чек аралык жардам механизминде "тыкандык менен иликтөө процессин жана анын ортого салган айырмасын көргөндүгүн" баса белгиледи.

Жойс Мацуянын  25 -  июлдан тарта Түркияга келип,  Сирияга гуманитардык жардамды жеткирүү механизмин тыкыр көзөмөлдөй турганы кабарланган.

 

 



Тектеш кабарлар