Тышкы иштер министри Чавушоглу Молдованын экономика министри менен жолугушту

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу Молдованын экономика министри Сергиу Гайбу менен борбор шаар Анкарада тышкы иштер министрлигинде жолугушту.

1860340

Министр Чавушоглу Гайбу менен жолугушуудан ыраазы болгонун Твиттер эсебинен бөлүштү. Чавушоглу : "Өлкөлөрүбүздүн ортосундагы кызматташтыкты ар бир тармакта тереңдетебиз",-деди. 

Мевлүт Чавушоглу Бириккен Араб Эмирликтеринин  тышкы иштер министри Абдуллах бин Заид Аль Нахайян менен да телефон аркылуу сүйлөштү.

Тышкы иштер министрлигинен берилген маалыматка караганда Чавушоглунун БАЭлик кесиптеши Аль Нахайян менен болгон сүйлөшүүсүндө эки тараптуу карым - катнаштар каралды.

Аль Нахайян Чавушоглуна Украинадан  дан экспорттоо боюнча түзүлгөн макулдашуу жана кол коюлган  келишимдерден улам Түркияны куттуктагандыгын айтты. 

Тектеш кабарлар