Түркия Мусул башкы консулдугуна жасалган кол салууну айыптады

Түркия Ирактын Мусул башкы консулдугуна жасалган кол салууну айыптап, жооптуулардын тез арада жоопко тартылышы керектигин жарыялады.

1860137
Түркия Мусул башкы консулдугуна жасалган кол салууну айыптады

Түркия Ирактын Мусул башкы консулдугуна жасалган кол салууну айыптап, жооптуулардын тез арада жоопко тартылышы керектигин жарыялады.

Тышкы иштер министрлигинин жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө : "27 - июль күнү эрте менен Мусулдагы башкы консулдугубузга кол салуу болду.  Адам өлүмү болбогон бул кол салууну катуу айыптайбыз жана жооптуулардын тез арада жоопко тартылышын күтөбүз.  Ирак бийликтерин дипломатиялык жана консулдук өкүлчүлүктөрдү коргоо боюнча өз милдеттерин аткарууга чакырабыз», - деп айтылды.

БУУнун Коопсуздук Кеңешинин  жыйыны учурунда кол салуунун болушу абдан маанилүү жана ойлонтуучу экендиги билдирилген маалыматта : "Өлкөбүз адилетсиз айыпталып, бутага алынган учурда  Ирак мекемелеринин чакыруусу менен өткөрүлгөн БУУнун Коопсуздук Кеңешинин жыйыны учурунда бул кол салуунун ишке ашышы да абдан маанилүү жана ойлонтуучу.  Буга байланыштуу биз Ирак бийликтерин терроризмге каршы күрөшкө көңүл бурууга жана жерлеринен коңшу өлкөлөргө жана дипломатиялык өкүчүлүктөргө коркунуч туудурган террордук позицияларын токтотууга чаыруубузду дагы бир жолу кайталайбыз",- деп айтылды. 

Улуттук коргоо министрлиги да Түркиянын Мусул башкы консулдугуна жаслаган кол салуу тууралуу : "Бул кол салуу менен кимдин жарандарга жана жаран буталарга кол салгандыгы дагы бир жолу  белгилүү болду. Кол салууну жасаган террористтер да эртели  - кеч жоопко тартылышат",- деп билдирилди. 

Улуттук коргоо министрлигинен кол салуу тууралуу берилген маалыматта буларга орун берилди : "Мусул консулдугубузга жасалган  кол салууну айыптайбыз. Бул кол салуу менен жарандарга жана жарандык буталарга кимдер кол салганы дагы бир жолу байкалды. Эртели  - кеч  кол салууну жасаган террористтер башка террористтер сыяктуу жоопко тартылат.

Ирактык боордошторубуз менен террор менен күрөш жана чек ара коопсуздугу үчүн кызматташууга даярбыз. Террористтердин тузактарын жок кылып,  аймакты канга бөлөө кыялдары менен бирдикте аларды жок кылабыз".

 

 



Тектеш кабарлар