Түркия Ирактын эгемендигинин террордук уюмдар тарабынан бузулгандыгын билдирди

БУУнун Коопсуздук Кеңеши Ирактын түндүгүндөгү Духок шаарында 20 -  июлда 9 жарандын каза болушуна себеп болгон кол салуу тууралуу чогулду.

1860131
Түркия  Ирактын  эгемендигинин террордук уюмдар тарабынан бузулгандыгын билдирди

Түркия Ирактын эгемендигине жана жеринин бүтүндүгүнө берген күчтүү колдоону ар дайым улантып, Ирактын жеринин бүтүндүгү менен эгемендигинин террордук уюмдар тарабынан бузулгандыгын билдирди.

БУУнун Коопсуздук Кеңеши Ирактын түндүгүндөгү Духок шаарында 20 -  июлда 9 жарандын каза болушуна себеп болгон кол салуу тууралуу чогулду.

Түркиянын БУУдагы туруктуу өкүлү Өнжү Кечели Кеңеште сүйлөгөн сөзүндө Түркиянын кол салуудан кийин  Ирак өкмөтү жана Ирактын Күрт аймактык башкаруусу менен дароо  байланышка өткөнүн, Тышкы иштер министрлигинин да билдирүү жасап, Түркиянын чындыктардын ачыкка чыгышы үчүн бардык кадамды таштоого даяр экендигин айтканын баса белгиледи.

Кечели Анкара менен бирге Түркиянын Багдат элчилиги жана Эрбилдеги башкы консулдуктагы түрк жетекчилеринин да ушуга окшогон билдирүүлөрдү бергендигин айтып, бул билдирүүлөрдө айтылган сөздөрдүн четке кагылгандыгы, Ирак өкмөтү жүргүзө турган териштирүүнүн колдоого алынары жана мунун Түркияга каршы жаслаган биринчи каралоо компаниясы эмес экендиги эске салынгандыгын айтты.

2021 -  жылы 22 -  августта ошол эле аймакта болгон бир унаага кол салуу болуп 2 ирактык туристин каза болгондугун эске салган Кечели кол салуудан кийин Түркияны айыптоо үчүн комапниянын баштатылгандыгын бирок кол салуудан ПКК террордук уюмдун жооптуу экендиги ортого чыккандыгын айтты.

Түркия менен Ирактын ортосундагы карым  - катнаштарга токтолгон Кечели : «Түркия Ирактын эгемендигине, жеринин бүтүндүгүнө, туруктуулугуна жана бейкуттугуна берген күчтүү колдоону ар дайым улантты. Тескерисинче айтылган дооматтар чындыкка коошпойт жана кара ниеттүү. Ачык айтыла турган болсо ; Ирактын эгемендиги жана жеринин бүтүндүгү Түркия тарабынан эмес, террордук уюмдар тарабынан бузулууда»,- деди.  



Тектеш кабарлар