Дүйнө жүзүнөн Түркияга куттуктоолор келип жатат...

Ислам Кызматташтык Уюму (ИКУ) Түркиянын жана эл аралык чөйрөлөрдүн дан коридору келишимине кол коюу аракетин жогору баалады.

1858639
Дүйнө жүзүнөн Түркияга куттуктоолор келип жатат...

Ислам Кызматташтык Уюму (ИКУ) Түркиянын жана эл аралык чөйрөлөрдүн дан коридору келишимине кол коюу аракетин жогору баалады.

ИКУнун Твиттер эсебинен жасаган билдирүүсүндө баш катчы Хүсейин Ибрахим Таха келишимден канааттанганын билдирди.

Таха, « ИКУга мүчө өлкөлөр менен бирге аймактагы көптөгөн өлкөлөрдө азык-түлүк коопсуздугун камсыздай турган бул маанилүү жетишкендикке жетишүү үчүн  Түркия менен аймактык жана эл аралык чөйрөлөр тарабынан жасалган аракеттерди» баалады.

Албаниянын премьер-министри Эди Рама да Твиттерде Түркия менен президент Режеп Таййип Эрдогандын Украинадан эгин экспортун камсыз кылуудагы маанилүү ролу жана аракети үчүн ыраазычылыгын билдирди.

Рама: «Бул, мамлекеттер ортосундагы көйгөйлөрдү сүйлөшүү жана дипломатия аркылуу чечүүнүн бирден-бир жолу экенин дагы бир жолу көрсөтүп турат», - деди.

Бириккен Араб Эмирликтеринин (БАЭ) Тышкы иштер жана эл аралык кызматташтык министрлиги да Стамбулда кол коюлган келишимди дүйнөдө дан кризисин жеңилдетип, азык-түлүк коопсуздугун арттырууга салым кошо турган оң кадам катары баалады.

Президент Режеп Таййип Эрдогандын карамагында Түркия, Орусия, Украина жана Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) ортосунда 22-июлда Стамбулда «Украина портторунан эгин жана азык-түлүктөрдү коопсуз ташуу демилгеси документине» кол коюлду.



Тектеш кабарлар