Улуттук коргоо министрлиги : "289 террорист жок кылынды"

Бул тууралуу Улуттук коргоо министрлиги видео жарыялады.

1858521
Улуттук коргоо министрлиги : "289 террорист жок кылынды"

Ирактын түндүгүндө апрель айында башталган "Чеңгел  -  Кулпу"  операциясында ПКК террордук уюмунун 289 мүчөсү жок кылынды. 

Улуттук коргоо министрлигинен бул тууралуу видео жарыяланды. 

Видеодо операциялардын алкагында колго түшүрүлгөн материалдар жана ок  - дарылар тууралуу маалыматтарга, көрүнүштөргө орун берилди. 

Улуттук коргоо министрлигинен берилген маалыматта : "2022 -  жылы 17 -  апрелде Ирактын түндүгүндө башталган "Чеңгел  -  Кулпу"  операциясы менен 289 ПКК террористин жок кылган  түрк куралдуу күчтөрүбүз аныктаган жана ичинде көп сандаган курал, ок  -  дары менен турмуштук материалдар болгон 330 үңкүр менен баш калкалоочу жерди  жардырды",- деп билдирилди. 

 

 



Тектеш кабарлар