Мустафа Шентоп Түркия Улуттук Парламентиндеги эскерүү программасында сөз сүйлөдү

Түркия Улуттук Парламентинин спикери Мустафа Шентоп Түркиянын коопсуздугуна коркунуч туудура турган эч бир таңуулоону кабыл албай тургандарын белгиледи.

1855570
Мустафа Шентоп  Түркия Улуттук Парламентиндеги эскерүү программасында сөз сүйлөдү

Түркия Улуттук Парламентинин спикери Мустафа Шентоп Түркиянын коопсуздугуна коркунуч туудура турган эч бир таңуулоону кабыл албай тургандарын белгиледи. Мустафа Шентоп : "15 -  Июль Демократия жана улуттук биримдик күнүнө" карата иш  -  чаралардын негизинде борбор шаар Анкарада Түркия Улуттук Парламентиндеги 15 -  Июль шейиттер эстелигинде өткөрүлгөн эскерүү программасында сөз сүйлөдү. 

Шентоп дүйнө системасы кайрадан түзүлгөн глобалдык жана аймактык деңгээлде чечкиндүү долбоорлор ишке ашкан мезгилде айрым күчтөрдүн Түркиянын экономикалык саясий жана маданий деңгээлде таасирдүү жана негизги актер катары алдыга чыгышын каалабагандыгын баса белгиледи. 

"Түркия коопсуздугуна коркунуч туудура турган  таңуулоону кабыл албайт, адамзат күткөн адилеттик жана үмүттүн борбору болуу сыпатын сактайт",- деди. 

Түркиянын бул кыянаттыкка тоскоол болгон акыркы 6 жылда бир топ бурулушту ишке ашыргандыгын белгилеген Шентоп : "Бул төңкөрүш кыймылына каршы көрсөтүлө турган чыныгы мамиле анын максатын толугу менен четке кагуу. Анткени 15 -  июлдагы төңкөрүш кыймылы улуттук эмес,  кылмыштуу топтун бийлик издөөсү эмес, Түркияны өз аймагында таасирсиз кылууга карата аракет",- деди. 

Шентоп Түркия Улуттук Парламентинде "15 -  Июль фото көргөзмөсүнүн" ачылышына катышты.

 

 



Тектеш кабарлар