Акар: «Түркия азык-түлүк кризисинин чечилиши үчүн өз милдетин аткарууну улантат»

Хулуси Акар Түркия, Орусия жана Украинанын коргоо министрликтеринин аскердик делегациялары менен Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) делегациясынын ортосунда кечээ Стамбулда өткөрүлгөн жолугушууга баа берди.

1855032
Акар: «Түркия азык-түлүк кризисинин чечилиши үчүн өз милдетин аткарууну улантат»

Улуттук коргоо министри Хулуси Акар Стамбулда Украина данына байланыштуу төрт тараптуу жолугушууда тараптардын өкүлдөрү катыша турган координациялык борбор түзүлө турганын билдирди.

Хулуси Акар Түркия, Орусия жана Украинанын коргоо министрликтеринин аскердик делегациялары менен Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) делегациясынын ортосунда кечээ Стамбулда өткөрүлгөн жолугушууга баа берди.

«Оң жана конструктивдүү маанайда өткөн жолугушуунун жыйынтыгында Стамбулда бардык тараптардын өкүлдөрү катыша турган координациялык борбор түзүү, порттон чыгуу жана келүү пункттарында биргелешкен көзөмөл жүргүзүү жана өткөрүп берүү жолдорунда навигациялык коопсуздукту камсыз кылуу сыяктуу негизги техникалык маселелер боюнча макулдашылды»,-деп айткан Акар, Түркиянын аймактык жана дүйнөлүк тынчтыкка кошкон салымын уланта турганын жана ошондой эле гуманитардык көйгөй болгон азык-түлүк кризисинин чечилиши үчүн да өз милдетин аткарууну улантаарын айтты.



Тектеш кабарлар