Түркия Бириккен Улуттар Уюмунун чечимин кубаттады

Тышкы иштер министрлигинин жазуу түрүндөгү билдирүүсү.

1854788
Түркия Бириккен Улуттар Уюмунун чечимин кубаттады

Түркия Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Сириянын түндүк-батышына карай жардам механизмин 6 айга узартуу чечимин кубаттады.

Тышкы иштер министрлигинин жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, БУУнун механизминин Сириянын түндүк-батышындагы муктаж болгон 4,1 миллион кишиге чукул гуманитардык жардам жеткирүүдө маанилүү роль ойногону баса белгиленди.

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Коопсуздук Кеңешинин 2022-жылдын 12-июлунда кабыл алган токтомунун негизинде Сириянын түндүк-батышына карай БУУнун чек аранын тышынан жардам берүү механизминин 6 айга да болсо узартылган болушун кубаттайбыз»,-деген билдирүүдө: "Сириядагы гуманитардык кризиске таасирдүү эл аралык жооп жана аймактык ырааттуулук жагынан БУУнун механизминин функцияларын туруктуу улантуусу абдан маанилүү. Түркия бул багыттагы аракеттерин эл аралык коомчулук менен кызматташтыкта ​​улантат",-деп айтылды. 



Тектеш кабарлар