Түркия-БАЭ инвестиция семинары

Стамбулда «Түркия – БАЭ инвестиция семинары» өткөрүлдү.

1854996
Түркия-БАЭ инвестиция семинары
varank Turkiye-bae yatirim calistayi.jpg
Turkiye-bae yatirim calistayi.jpg

Түркия менен Бириккен Араб Эмирликтеринен (БАЭ) делегациялар Стамбулдагы инвестиция семинарында жолугушту.

Өнөр жай жана технология министри Мустафа Варанк Бириккен Араб Эмираттарынын өнөр жай жана алдыңкы технология министри доктор Султан Ахмед Аль Жабер менен Президенттик Долмабахче иш кеңсесинде жолугушту.

Жолугушууга БАЭнин тышкы соода боюнча мамлекеттик министри доктор Тани Аль Зейуди, БАЭнин Элге билим берүү жана алдыңкы технологиялар боюнча мамлекеттик министри Сара Аль Амири жана түрк жетекчилери да катышты.

Делегациялардын басма сөзгө жабык өткөн жолугушуусунда эки өлкөнүн алакалары жана кызматташуу багыттары талкууланды.

Жолугушуудан кийин «Түркия- БАЭ инвестиция семинары» өткөрүлдү.

Министр Варанк семинардын ачылышында сүйлөгөн сөзүндө, бул сапардын жана жолугушуунун маанилүүлүгүнө токтолуп, эки өлкөнүн лидерлеринин ортосундагы тыгыз байланыштар эки тараптуу мамилелердин абдан жогорку деңгээлге чыгышында маанилүү роль ойногонун айтты.

Варанк ошондой эле өнөр жай, инвестиция жана технология тармагындагы кызматташтыкка чоң салым кошо турганын белгиледи.

Семинарга БАЭден үч министр, инвестициялык фонд жана компаниялардын жетекчилери, түрк мамлекеттик жана жеке сектор уюмдары менен иш дүйнөсүнүн өкүлдөрү катышты.



Тектеш кабарлар