Алтун Сребреница геноцидинин 27 жылдыгына карата билдирүү жарыялады

Фахреттин Алтун Сребреница геноциди тууралуу Коммуникация башкармалыгы тарабынан даярдалган видеону да бөлүштү.

1854400
Алтун Сребреница геноцидинин 27 жылдыгына карата билдирүү жарыялады

Президенттиктин Коммуникация башкармалыгынын башчысы Фахреттин Алтун Сребреница геноцидинин 27-жылында каза болгондорду эскерди.

Алтун социалдык тармактагы баракчасынан жарыялаган билдирүүсүндө: «Заманбап дүйнөнүн каргашалуу окуяларынын бири болгон Сребреница геноцидинин кайгысы дагы деле жаңы. Түркия катары биз Босния калкынын жанында болуп, Балкан аймагынын тынчтыгы жана коопсуздугу үчүн ар түрдүү кадамдарды таштоону улантуудабыз. Сребреница шейиттерибиздин жаткан жерлери жайлуу болсун»,-деди.

Фахреттин Алтун Сребреница геноциди тууралуу Коммуникация башкармалыгы тарабынан даярдалган видеону да бөлүштү.

Югославиядагы жарандык согуш учурунда Босния-Герцеговинанын Сребреница шаарында 1995-жылы 13-18-июль аралыгында 8 миң мусулман эркектер серб күчтөрү тарабынан геноцидге дуушар болгон.



Тектеш кабарлар