Түркия менен Израилдин ортосунда авиациялык келишим түзүлдү

Келишим Израиль авиа крмпанияларынын Түркияга каттамдарынын 1915 -  жылдан бери биирнчи жолу кайрадан баштадышына мүмкүнчүлүк берет.

1853491
Түркия менен Израилдин ортосунда авиациялык келишим түзүлдү

Түркия менен Израилдин ортосунда Израиль авиа компанияларынын Түркияга каттамдарын кайрадан башталышына мүмкүнчүлүк бере турган алдын ала келишимге кол коюлду. 

Израилдин премьер-министрлигинин басма сөз кызматы тарабынан берилген жазуу түрүндөгү маалыматта эки өлкөнүн ортосунда израилдик авиа компаниялардын Түркияга каттамдарын кайра баштоосуна мүмкүндүк бере турган алдын ала келишимге кол коюлганы белгиленди.

"Эки өлкөнүн ортосундагы карым  - катнаштардын өнүктүрүлүшүндө маанилүү бир бурулуш жери болгондугу" белгиленген келишимге акыркы жумаларда ишке ашырылган "ачык жана конструктивдүү сүйлөшүүлөрдөн кийин Израиль менен Түркиянын жарандык авиация органдарынын жетекчилеринин кол койгондугу белгиленди. 

Билдирүүдө келишимдин Израилдин премьер-министри Яир Лапиддин 23-июнда тышкы иштер министри катары Анкарага жасаган иш сапарынан кийин жана Түркиянын тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглу менен келишим түзгөндөн  кийин ишке ашырылганы билдирилди. 

Келишимдин "эки өлкөнүн ортосундагы карым  - катнаштарды кеңейтүү жана өнүктүрүү чечиминин бир бөлүгүн түзгөндүгү" баса белгиленген маалыматта : "Алдын ала келишим Израиль авиа компанияларынын Түркияга каттамдарын кайра баштоосуна мүмкүндүк бере турган авиациялык келишимге акыркы кол коюу жолунда өтө маанилүү кадам болуп саналат",- деп айтылды. 

Келишим Израиль авиа крмпанияларынын Түркияга каттамдарынын 1915 -  жылдан бери биирнчи жолу кайрадан баштадышына мүмкүнчүлүк берет.

 

 



Тектеш кабарлар