Эрдоган: «Малайзия менен биргеликте вакцина иштеп чыгуу иштерин пландап жатабыз»

Президент Эрдоган Түркияга расмий сапар менен келген Малайзиянын премьер-министри Исмаил Сабри Якубду расмий азем менен тосуп алды.

1853453
Эрдоган: «Малайзия менен биргеликте вакцина иштеп чыгуу иштерин пландап жатабыз»

 

Президент Режеп Таййип Эрдоган, Малайзия менен биргеликте вакцина иштеп чыгуу иштерин пландап жаткандарын айтты.

Президент Эрдоган Түркияга расмий сапар менен келген Малайзиянын премьер-министри Исмаил Сабри Якубду расмий азем менен тосуп алды.

Эрдоган менен Якуп борбор шаар Анкарадагы Президенттик комплексте өткөрүлгөн аземден кийин жекеме-жеке жолугушту.

Андан соң делегациялардын жолугушууларынан кийин эки тараптуу келишимдерге кол коюу аземине катышышты.

Түркия менен Малайзиянын ортосунда коргонуу өнөр жайы, өнөр жай жана технология, саламаттыкты сактоо, байланыш жана медиа тармактарында 7 келишимге кол коюлду.

Андан кийин Эрдоган менен Якуб маалымат жыйын өткөрүштү.

Президент Эрдоган, эки өлкөнүн тилектештигин арттыруу үчүн Якуб менен макулдашкандарын айтып: «Биз (жаңы типтеги коронавируска (Ковид-19) каршы иштелип чыккан) ата мекендик жана улуттук вакцинабыз TURKOVACтын Малайзияда колдонулушу, вакцина технологиясын өткөрүп берүүнү жана вакцинаны иштеп чыгуу боюнча изилдөөлөрдү чогуу жүргүзүүнү пландап жатабыз»,-деди.

Жолугушууларда актуалдуу глобалдык маселелерге да токтолгондорун баса белгилеген Президент: «Ушул алкакта биз ислам дүйнөсү менен тыгыз байланышта болгон Рохинжа жана исламофобия сыяктуу маселелерди талкууладык. Биз Бириккен Улуттар Уюму, Ислам Кызматташтык Уюму жана D8 (Өнүгүп келе жаткан сегиз өлкө; Түркия, Бангладеш, Египет, Индонезия, Иран, Малайзия, Нигерия жана Пакистан) сыяктуу платформаларда тилектештигибизди арттырууга жана сактоого чечкиндүүлүгүбүздү баса белгиледик. Түркия катары «Азия Кайрадан» демилгеси менен пайдага-пайда түшүнүгүбүз менен Азиядагы бардык боордошторубуз менен кызматташуубузду бекемдөөгө аракет кылуудабыз»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар